2017-жылдын 15-ноябрында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Түркия жана Жакыңкы Чыгыш Мамлекеттик Башкаруу Институнун ректору Онур Өндер Арслан менен жолугушту. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы билдирет..
Жолугушууда тараптар илим жана билим берүү жаатында кызматташтык, тактап айтканда Кыргызстан жана Түркиянын илим чөйрөлөрүнүн катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды уюштуруу туурасында макулдашты.
Ошондой маектештер ар кыл маселелер боюнча жемиштүү пикир алмашып, ар кандай иш-чараларды жана жолугушууларды туруктуу түрдө өткөрүп туруу чечимин кабыл алды.
Мындан сырткары элчи И.Жунусов аталган институттун магистратура программасында билим алып жаткан Кыргызстандын өкүлдөрү менен жолугушту. Студенттер менен болгон маектешүүдө элчи алардын Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери катары окуу жана иштеги ийгиликтери, билими менен кыргыз элинин бай маданиятын, тарыхын жана салттарын Түркияга таанытып жатканын баса белгилеп, окууларына ийгилик каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ