Ушул жылдын 10-ноябрында «Кыргыз Республикасынын электрондук визасы» программасын түшүндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын ТИМнин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет өлкөлүк бизнес бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул турасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун алкагында катышуучуларга «Электрондук виза» системасы презентацияланып, чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын электрондук визасын алуу эрежелери, шарттары жана талаптары түшүндүрүлдү. Аталган программаны талкулоо учурунда катышуучулар тарабынан консулдук-укуктук суроолор болуп, аларга Өкүлчүлүктүн кызматкерлери толук жоопторун беришти.
Жолугушууга Ош шаарындагы Кытай Эл Республикасынын Башкы консулдугунун өкүлдөрү да катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ