Суу чарба департаментинин төрагасы Көкүмбек Таштаналиев Киров суу сактагычынын жарым суусу агызылганын айтып чыкты. Маалым болгондой, суу сактагычтагы 30 миллион кубометр суунун, 13 миллиону коё берилди. Аталган мекеменин жетекчиси: «30 млн. кубометр бул өтө аз суу. Аны 10 күн ичинде топтоп алабыз. Өткөн жылы суу сактагычта 150 кубометр суу болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзө алган эмеспиз. Дагы 3 кубометрдей суу агызылат», – деп кошумчалады. Эл болсо Кыргызстан керектей тургандай көлөмдө суу калтырып, баарын агызып салыш керек. Казак тарапты ушундай жол менен эсептешүүгө аргасыз кылуу зарыл. Антпесе чек араны ачпайт деп айтышууда. Керек болсо «Орто-Токой» суу сактагычындагы сууну дагы коё берип жазалаш керек болчу. Алар үчүн суу топтоп бергенибизди түшүнүшпөйт экен дегендер четтен чыгат. Албетте, бул жагдайды бийлик өкүлдөрү кырдаалга жараша чечсе керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ