Menu

Тажикстандын бардык радиолорунда Рахмондун китеби окула баштайт

Бөлүшүү:

Тажикстанда Телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитети бардык мамлекеттик радиолорду өлкө президенти Эмомали Рахмондун чыгармаларын көркөм окууга милдеттендирди.

Бийлик бул демилге жарандарды мекенчилдикке үндөп, аң-сезимин жогорулатат деп эсептейт.

“Тажикстан” мамлекеттик радиосунун директору Фаррух Зиёевдун айтымында, өлкө башчынын китептерин көркөм окуу үчүн театр артисттери чакырылат. Буга чейин Рахмондун эки китеби жаздырылып алынган.

Былтыр Тажикстандын мамлекеттик телеканалында президенттин “Арийлерден саманиддерге чейин” деген чыгармасынан үзүндүлөр көрсөтүлгөн. Көз карандысыз телеканалдар патриоттук мазмундагы материалдарды обого алып чыгуу тапшырмасын алышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: