Астанада район аралык экономикалык сот “Алаш жолу” коомдук кыймылынын мамлекеттик каттоосун жараксыз деп таап, аны жабуу тууралуу чечим чыгарды.
Есил районунун мамлекеттик кирешелер боюнча башкармалыгы “Алаш жолу” уюмун жабууну талап кылган. Буга документте кыймылдын курултайчылары катары көрсөтүлгөн 10 кишинин экөө “уюмду түзүүгө тиешебиз жок” деген билдирүүлөрү себеп болгон.
Соттун чечимине ылайык, уюмду жабуу процедураларын Казакстандын Юстиция министрлиги жүргүзөт.
“Алаш жолу” кыймылы былтыр казак бийлигинин чет элдиктерге айыл чарба жерлерин ижарага берүү пландарына каршы түзүлгөн.
Уюмдун активисттери судьяны алмаштыруу талаптары канааттандырылбаганына байланыштуу сотко байкот жарыялашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ