Menu

Түркияда “гүленчилер” менен байланышы үчүн түркмөн жараны соттолууда

Бөлүшүү:

Түркиянын Кырыкларели шаарында диний ишмер Фетхуллах Гүлендин жолун жолдоочулар делген 10 кишинин үстүнөн соттук териштирүү жүрүүдө. Айыпталуучулар негизинен сот органдарынын жана түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери. Алар Юстиция министрлигинин мамлекеттик түзүмдөрүндө жашыруун түйүн уюштурууга айыпталышууда.

Түрк басылмалары маалымдагандай, айыпталуучулардын арасында Түркмөнстан жараны Ыгтыяр Аннаев дагы бар. Алар жашыруун баарлашуу үчүн Bylock социалдык платформасын түзүшкөн деп айтылууда.

Түркмөн жараны Аннаев “гүленчилерге” таандык жатаканалардын биринде тарбиялоочу болуп иштегени жана Bylock байланыш түйүнүн колдонгону үчүн айыпталууда.

Анкара АКШда бозгунда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленди 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракети артында турат деп айыптап келет. Гүлен өзү ага эч бир тишеси жоктугун билдирип, түрк бийликтеринин дооматтарын четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: