Эгер Эмомали Рахмонго ашыкча «кеңеш» беришпегенде, Тажикстан менен чек ара такталып бүтмөк. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстан менен чек аранын жарымы такталган. «Биз калган 50 пайызын дагы тактоого даяр болчубуз, бирок экинчи жарымын биринчидегидей шарттарда тактоо зарыл деген бир гана шартыбыз болгон. Эгер калган тилкелерди башка принциптер менен тактоо керек деп Тажикстан президентине ашыкча кеңеш берип жиберишпегенде, жогорудагыдай эле болмок», – деди ал.
«Костюмдун бир жеңи башка, экинчиси башка түстө болгондой болуп жатпайбы. Бул туура эмес. 1925-1926-жылдардагы документтер боюнча кароо керектигин айта башташты. Анан мен Тажикстан жок кездеги 1923-1924-жылдардагы документтерди кароону сунуштадым. Албетте аянычтуу», – деп кошумчалады Атамбаев.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 971 чакырымды түзсө, анын 471 чакырымы тактала элек. Эки өлкөнүн чек арасында 70ке жакын талаштуу тилке бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ