Казак парламентинин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбевдин Астананын дарегине айткан сын пикирлерин “жоопкерчиликсиз жана популисттик” билдирүү деп баалады.
Нигматулиндин айтымында, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев башкаларга караганда Кыргызстан калкын колдоп жана жардам берип келет.
«Кыргызстан калкы Казакстан лидерин жылуу кабыл алып, ага ыраазычылык менен мамиле жасап келет деп билем. Андыктан, Атамбаевдин “бош”, популисттик жана жоопкерчиликсиз сөздөрү бир тууган элдердин мамилелерине эч качан доо кетире албайт», — деди Нигматулин.
«Атамбаевдин өзу жөнүндө айтсак, ал президент болуп турганда экономикабы же саясатпы эч кандай натыйжа чыгара алган жок. Кетип баратып, саясий жана ички маданиятынын жок экенин дагы көрсөтүп койду», —деп кошумчалады Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Нигматулин.
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү басма сөз жыйынында Орусиянын башчысы Владимир Путинди кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салыш үчүн бул маселеге кийлигишүүгө чакырганын айткан. Ошол эле маалда ал коңшуларга “жакшы сабак” бергени үчүн өкүнбөй турганын баса белгилеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ