Menu

Атамбаев: Кыргызстан ЕАЭБдин курамынан чыкпайт

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамынан чыкпай турганын билдирди.

«Иш жүзүндө Кыргызстандын ЕАЭБге болгон жолун тосуп салышты. Бирок буга карабастан биз Орусия менен туугандык мамилени сактап калышыбыз керек. Биз ЕАЭБден чыкпайбыз. Бирок уюмдун аткаруучу комитети тараптан эч кандай аракет көрбөй жатабыз жана бул өкүнүчтүү. Дүйнөлүк соода уюмунда бир өлкөнүн каалоосунун айынан башка өлкөгө блокада жасаганын элестетүү мүмкүн эмес. Бул блокада Кыргызстанга гана эмес, ЕАЭБдин имиджине дагы сокку болууда. ЕАЭБдин аткаруу комитети мына ушул жөнүндө ойлонушу керек», – деди Атамбаев.

Кыргыз-казак чек арасынан казак тарапка өтүү 10-октябрдан тартып кыйындаган. Ага чейин Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийлигин Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп сындаган.

Алгач казак өкмөтү муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы абалга, кийин Кытайдан ташылган аткезчилик товарга байланыштырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: