21-ноябрда Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Трент Келли башында турган АКШ Конгрессинин делегациясы Ташкентке барат. Делегациянын курамында Республикалык жана Демократиялык партиялардын өкүлдөрү болот.
Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, парламенттер аралык кызматташуунун алкагында конгрессмендер Өзбекстандын парламенти жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бир катар объектилерге барышат.
Шавкат Мирзиёевдин сентябрда АКШга жасаган сапарынын жыйынтыгында жалпы суммасы 2,6 миллиард долларды түзгөн документтер топтомуна кол коюлган. Макулдашууларда мунайгаз тармагында«General Electric» жана «Honeywell», машина куруу тармагында «CNH Industrial», «John Deere» жана «Caterpillar», электротехникалык тармакта«OSI Systems» жана «Lutron», жарандык авиация тармагында «Boeing» компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралган.
Андан тышкары Ташкентте Вебстер университетинин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу макулдашууга кол коюлган. Келишим ишке ашса ал америкалык окуу жайдын КМШ аймагындагы алгачкы толук кандуу өкүлчүлүгү болуп калат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ