Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынына катышты.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча парламентарийлер «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ