20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйыны өттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Жыйын жүрүшүндө Төрөбай Зулпукаров мамлекеттик лотереялык компаниянын иши тууралуу суроосун узатты. Өлкөнүн өкмөт башчысы лотереялык компания кирешелүү болушу үчүн дагы бир жыл убакыт керектигин белгиледи. “Мен Премьер-министрлик кызматка келгенде мамлекеттик лотореялык компания чет элдик компания жалдаганы жатканын билдим. Баарын токтотуп, бул маселелердин баарын өз күчүбүз менен жүргүзүшүбүз керектигин айттым. Бул жерде көйгөй – нагыз адистердин жоктугунда. Биз мындай адистерди тартып, өзүбүз иштешибиз керек”,- деди С.Исаков.
Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде Өмөттө чет жерлерде иштеп келген, тажрыйбасы мол, жогору квалификациялуу адистер иштеши керек. Бирок алар Өкмөт тарабынан сунушталган айлык акыга келишпейт. Андыктан, өкмөт башчынын өзүнүн фонду болушу керек. Андан чакырылган адистерге кошумча каражаттар төлөнүшү кажет”,- деди А.Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ