Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын макулдугу менен, ар бир жылдын үчүнчү демалышы жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү катары жарыяланган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин патрулдук милиция бөлүмү билдирет.
Нарын облусунун аймагында 2017-жыл башынан бери 106 жол кырсыгы катталып, 35 адам каза болуп, 189 адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу – 6.19% аз катталды, ага карабастан жол кырсыктарынын болуп жаткандыгы жана башка бир адамдардын кайдыгерлиги, жоопкерсиздиги, жол эрежелерин сактай билбегендигинен, бей күнөөсүз адамдардын каза болуп, оор жаракаттарды алып жаткандыгы тынчсыздандырбай койбойт.
Быйылкы жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү 19-ноябрь күнүнө туура келип калгандыгына байланыштуу, Нарын ОИИБы боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын облусунун аймагында унааларды токтотуу менен бирге, бир мүнөттүк үндөбөө менен коштолгон акция өткөрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ