Menu

Казакстанда терроризмге шектелгендер камакка алынды

Бөлүшүү:

Түштүк Казакстан облусунда терроризмди пропагандалоого жана кастыкты козутууга шектелип кармалган топ Аль-Фараби райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун судьясы Гани Байарыстан билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын сегизи терроризмди пропагандалоо жана экөөсү кастыкты козутуу беренеси боюнча айыпталып жатышат. Алар 20 жаштан 50 жашка чейинки курактагы Казакстандын жарандары.

16-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматы Шымкенттин Сайрам районунун 11 тургуну кармалганын билдирген. Облустук прокуратуранын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ошол эле күнү алардын онуна карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген. Бирөөсү жашы жете элек болгондуктан кармалган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: