Menu

Москва районунда ден соолукка атайылап оор залал келтирген жаран кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 17-ноябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Москва РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган 30-35 жаштардагы азият улутундагы жаран аймактык ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келген. Окуя болгон жерге Москва РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу келип, жабырлануучунун өздүгүн такташып, ал 35 жаштагы И.О. аттуу Беловодск  айылынын жашоочусу болуп чыккан. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Тергөө учурунда 17-ноябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Беловодск айылынын көчөлөрүнүн биринен И.О. менен “Равшан” аттуу жарандардын ортосунда чыр чыгып, шектүү жабырлануучуну бычак менен сайып салганы маалым болгон. Андан соң, жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү делип 34 жаштагы М.Р. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Кармалган жаранга карата Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алуу чечими чыгып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: