Menu

Видео – Мугабенин өз каалоосу менен отставкага кетүүсү үчүн акыркы мөөнөт белгиленди

Бөлүшүү:

20-ноябрда Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе өлкөдөгү башкаруучу ЗАНУ-ПФ партиясынын башчылыгынан алынып, анын ордуна мурдагы вице-президент Эммерсон Мнангагва дайындалды.

Өлкөдө чыныгы бийликти аскерлер башкарып жатканы менен Мугабе расмий президент бойдон калууда.

Партиядан президенттин жубайы Грейс Мугабе дагы чыгарылды.

ЗАНУ-ПФ партиясы президент Роберт Мугабенин кызматтан кетүүсүнө жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча 16:00) убакыт берди. Эгер бул талап аткарылбаса импичмент жарыяланат.

Өткөн аптада башкалаа Харареде он миңдеген киши көчөлөргө чыгып, өлкөнү экономикалык кыйынчылыктарга кептеген президентке нааразылыгын билдиришкен. 15-ноябрда Змимбабвенин армиясы бийликти өз колуна алып, Мугабени үй камагына отургузушкан.

Бийликти басып алган офицерлер өлкөдө аскердик төңкөрүш болгонун четке кагып, өз аракетин президентти көзөмөлдөп келген «криминал топторго» каршы күрөш деп атоодо.

Күн мурун өлкөнүн борбору Харареде жана башка бир катар шаарларда армиянын аракеттерин колдогон жана Мугабенин отставкасын талап кылган массалык митингдер өттү.

https://www.youtube.com/watch?v=EuP4xM2ABVg&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: