Menu

Ташкентте психиатриалык ооруканадан качкандардын экөөсү кармалды

Бөлүшүү:

Ташкент милициясы дүйшөмбү күнү Республикалык психиатриалык ооруканадан качып кеткен үч бейтаптын экөөсүн кармады. Бул тууралуу шаардык ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады. Үчүнчү бейтапты издөө иштери уланууда.

Маалыматка караганда, коопсуздук кызматкерлери Ташкенттен чыга турган бардык жолдорду жабышты. Буга байланыштуу көп чакырымдык унаа тыгындар жаралып, шаардан чыгууну жана кирүүнү каалаган жүздөгөн жарандар сааттап кезек күтүп турууга аргасыз болушту.

Бийлик жолдорду жабуу себептерин түшүндүргөн жок. Бирок өз булактар бул аракеттерди ооруканадан өзгөчө коркунучтуу үч бейтаптын качып кеткендигине байланыштырышууда. Буга чейин психиатриалык оорукананын кызматкерлери бейтаптардын качуу себептерин айтуудан баш тартышкан.

Маалыматтарга караганда, качып кеткен үч адам тең мурда кылмыш кылууга айыпталышкан. Бирөөсү уурулукка, экинчиси маңзат таркатып, абактан качууга жана үчүнчүсү адам денесине зыян келтирүүгө күнөөлөнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: