Menu

Адам сатуунун курмандыктарына атайын макам берилип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде “Адамдарды сатууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында мыйзамдын долбоорунда ыйгарым укуктуу органды аныктоо функциясын КР Өкмөтүнө берүү каралган. Ошондой эле, долбоордо адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелеринде өтө маанилүү инструмент болуп саналган “адамдарды сатуунун курмандыктарын (АСК) башка жакка жиберүүнүн улуттук механизми» киргизүү сунушталат.

Мыйзам долбоорунун маңызы адам сатуунун курмандыктарына атайын макам берип, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Соңунда мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мындан сырткары, комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, КР Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө, КР Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: