Menu

Ошто кырсыктардан сактануу боюнча окуулар өткөрүлдү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 13-17-ноябрь күндөрү Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорундагы орто мектептердин окуучулары, мугалимдери жана колледждеги студенттер үчүн өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы түшүнүк жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондогу жүрүм-турум эрежелери жөнүндө окуулар өткөрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Айта кетсек бул окутуулар Араван районундагы Х.Абдуллаев атындагы орто мектептин окуучулары жана педагогикалык жамааты кошо тартылып, аларга өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү, жүрүм-турум эрежелери жөнүндө маалыматтар кеңири берилген.

Араван районунун борборунда жайгашкан жаңы окуу жайлардын бири “Дул-Дул-Тоо”колледжинин окуу залында студенттер, “Билим-Ордо” окуу борборунун мугалимдери жана окуучуларына табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн алып жүрүү, кандай аракеттерди көрүү, имараттын ичинен эвакуациялануу, жабыркагандарга биринчи жардамды көрсөтүү жана өрт коопсуздугун камсыздоо эрежелери боюнча терең маалыматтар лекция жана презентация, видеотасмалар көрсөтүлдү. 

Ошол эле окуулар Кара-Суу районунун №52-З.Төрөбеков, №39-А. Султанов, №96-Н. Примбердиев, №19-Т. Мусаев атындагы орто мектептерде, ал эми Төлөйкөн айылындагы №99-Н.Сайдиев атындагы орто мектепте өткөрүлдү.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министирлигинин Республикалык окуу борборунун кайрылуусу менен Ош шаарындагы филиалында 2017-жылдын 14-ноябрь күнү аталган окуу борборунда катардагы жоокерлери жана кенже башчылык курамына өрт, сел, жер титирөө жана суицид темасында КР ӨКМдин адистери окутуулар жүргүзүшкөн.

Бир жуманын ичинде өткөрүлгөн окуулардагы угуучулардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, алардын саны 4038ди түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: