Menu

Автоунаасын алып акчасын бербей качып жүргөн кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын июль айында Биринчи май РИИБне арыз менен борбор шаарыбыздын тургуну кайрылып, К.Б. аттуу жаран алдоо жолу менен анын ишенимге кирип, 80 миң сомдук “ФОРД” үлгүсүндөгү автоунаасын карызга алып, башка бирөөгө сатып салып, ушул күнгө чейин сүйлөшүлгөн акча каражатын берген эмес.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында мурда соттолгон 1976-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, кармалган жаран башка кылмыш иштерине дагы тиешеси бардыгы аныкталган.
Шектүү Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жогорудагы кармалган жарандан жабыркагандар болсо, же кандайдыр бир маалыматтарды билсеңер Биринчи май РИИБне кайрылсаңар же төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирип койсоңуздар болот: 0550 77-88-78; 0701 511-688.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: