Menu

Айыл өкмөттөр арасында уюштурулган кезектеги көчмө жыйын Кеңеш айыл өкмөтүндө өттү

Бөлүшүү:

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун жылдык иш мерчеминде бекитилген ырааттамага ылайык  аталган районго караштуу Кенеш айыл өкмөтүндө айыл өкмөттөрдүн баш имамдары менен биргеликте жыйын өттү. Бул турасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйын 2 бөлүктөн өткөрүлүп, алгач Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы  мырза Рахман Өмүрзаков менен жолугушуу болуп, райондун баш имам хатиби бардык айыл өкмөттөрдүн баш имамдарын тааныштырып, мындан ары тыгыз байланышып, биргеликте кызматташуу сунушун айтты. Ал эми айыл өкмөттүн башчысы райхатибияттын көчмө жыйыны өз жемишин берет деген оюн айтып,  айыл өкмөткө караштуу имамдар эл менен тыгыз иштешүүсү зарыл экендигине токтолду. Кезектеги көчмө жыйындын 2-бөлүгү “Ислам нуру ” мечитинде уланып, ага аталган айыл өкмөткө караштуу  20 имам жана баш имамдар катышып, ар бир имам өзүнүн кылган иштери, иш чаралары тууралуу отчет беришти. Жыйындын жүрүшүндө райхатиб баш имамдарга КМДБ, казыяттан келген иш кагаздарды өз убагында имамдарга жеткирүү тапшырмасын берсе, ал эми имамдар ай сайын жазылуучу отчетту жазууда туура жазып, мөөнөттөрүн көрсөтүү керектигин баса белгилеп, өз убагында тапшырууга чакырып кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: