Menu

Америкалык актер Астанада “Боратча кийинген” туристтердин айып пулун төлөөгө даяр

Бөлүшүү:

Америкалык актер Саша Барон Коэн өткөн аптада “I Love Astana” жазуусунун алдында “Боратча кийинип” сүрөткө түшүшкөнү үчүн айып пулга жыгылган туристтердин акчасын төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Коэн Фейсубак баракчасына жазды.

“Менин чех досторум үчүн. Сен экениңди далилде (окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, далил жөнөт), – анан мен айып пулду төлөп берем”, – деп жазган актер.

Өткөн аптада алты чех туристи ачык жашыл түстөгү сууга түшүү кийими жана Борат үлгүсүндөгү белгилүү кара кеп чач менен Казакстан борборундагы I love Astana жазуусунун алдында фотосессия жасоого аракет кылышкан. Полиция чет элдиктерди кармап кетип, коомдук жайдагы бейбаштык үчүн алардын ар бирине 22 500 (68 теңге) теңге айып пул салган.

“Борат суу кийими” обого “Борат” тасмасы чыккандан кийин белгилүү болгон. Фильмде америкалык куудул Саша Барон Коэн АКШда саякаттаган казак тележурналистинин образын жараткан. Тасма Казакстанда нааразылыктарды жаратып, республикада аны көрсөтүүгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: