Menu

Текебаев Атамбаев кетмейинче абактан чыкпайт

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен белгилүү коомдук-саясий ишмер Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары ылдыйкы инстанциядагы соттордун өкүмүнө нааразы болушуп, Жогорку Сотко кайрылышкан болчу. Бирок, бул жерден да сот өкүмү күчүндө калтырылды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду 8 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту да бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Орусиялык ишкер Л.Маевскийден 1 миллион доллар пара алганы боюнча айып тагылган саясатчылар мунун баарын саясий куугунтук катары жар салып келишет. Учурда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөшүүдө. “Ата-мекенчилердин” адвокаттары эми Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетке кайрылууну көздөшүүдө.

Айрым эксперттер Атамбаев боорукерлик кылып, кетеринде Текебаев менен Чотоновду абактан чыгарарын божомолдошкон. Ошондуктан да, кечээки Жогорку соттун олтурумунан жакшылыкты күтүшкөн эле. Бирок, Атамбаев “саясаттагы эски карышкырларды өзүм менен алып кетем”- деген сөзүндө турду, алар эми Сокенин тушунда эле бошобосо, кийинки тагдырлары белгисиз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: