Menu

Ошто КР ИИМдин жана Тажик Республикасынын Баңгизатын көзөмөлдөө агентигинин жетекчилиги жолукту

Бөлүшүү:

2017-жылдын 21-ноябрь күнү Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Д. Абдыкаров менен Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Самад Зафаров жолугушту. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, жумуштук иш-сапар менен Кыргыз Республикасы боюнча БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Федулов А.В. келди.
Жумуштук иш-сапардын максаты эл аралык уюшкан баңги кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча түзүмдөр аралык кызматташууну бекемдөө болуп эсептелет.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Д. Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги республика аймагында баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча улуттук орган болуп эсептелет жана баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк органдар менен кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинен Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттиги менен кызматташууну бекемдөө максатында бир катар иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп кетти.

Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттиги баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-тажрыйбасы жогору болгондуктан жана географиялык абалы боюнча баңгизаты көп өндүрүлгөн Афганистан менен коңшу болгонуна байланыштуу баңгизаты менен каршы күрөшүү жаатында кызматташууга биз тарап кызыктар экендигин баса белгиледи.

Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агентигинин башчысынын орун басары Самад Зафаров баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүүрүнү колго алуу менен сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, Тажик Республикасы дагы кыргыз-тажик мамилесин жакшыртууга даяр экендигин билдирди.

Азияда баңгитрафиги көйгөйү азыркы учурда актуалдуу бойдон калууда. Ушуга байланыштуу баңгизат чөйрөсүндөгү улуттук компетенттүү органдар аймактык кызматашууну күчөтүү керек. Ошондуктан БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгы мындан ары эки мамлекеттин ортосундагы кызматташууну колдойт”,-деп БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы Федулов А.В. билдирди.

маалында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө агенттиги баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, эл аралык баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүнү уюштуруу жана мамилени жакшыртуу боюнча макулдашууга кол коюшту.

жолугушуу Кыргызстан жана Тажик мамлекеттеринин ортосунда жаңы дем берип, мамилени жакшыртат. Ошондой эле эки мамлекет үчүн, дүйнөлүк коомчулук үчүн кызмат кылат”,-деп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Д. Абдыкаров сөзүн жыйынтыктады.

-чаранын аягында протоколго кол кою үчүн жолугушуу болду.

БУУнун БККБнын Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасы боюнча БУУнун Баңгизатты жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө башкармалыгынын колдоосу менен өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: