Menu

Райкан Төлөгөновдон коңгуроо: “Сотту күтө албайм, өлүп калам…”

Бөлүшүү:

“2010-жылкы тополоң убагынан пайдаланып, каракчылык, талап-тоноолорду уюштурган…”- деп сыпатталып, быйыл март айында камакка алынган экс-депутат Райкан Төлөгөновдун ден-соолугу кескин начарлап, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калганы белгилүү болду. 65 жаштагы саясатчы өзүнүн үстүнөн уюштурулган куугунтуктун азабын ушинтип тартып жатканы соцтармактарда кызуу талкууга алынууда. Ден-соолугунун айынан, жада калса 15 жыл күчөтүлгөн абакка кескен Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө арызданып, жогорку инстанцияга кайрылуудан баш тартканын саясатчынын адвокаты Сартбай Жайчыбеков билдирди.

Райкан Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (“кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген”), 167-берене (“тоноону уюштурган”), 174-берене (“мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган”) жана 241-берене (“ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү”) боюнча айып тагылган. Кеп 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоноо боюнча болууда. Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган саясатчыны көп өтпөй ден-соолугуна байланыштуу №1-тергөө абагына которушкан. Бул жерде да абалы оңолбой, №47-жатак абагына которуу чечими чыккан эле. 27-октябрда, Биринчи май райондук соту судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында Райкан Төлөгөновду катуу тартиптеги түрмөгө 15 жылга кескен.

Жогорку инстанцияга, б.а. Бишкек шаардык сотуна даттануудан баш тартуусун адвокат С.Жайчыбеков мындайча түшүндүрдү: “Бул чечимди биз Райкан Төлөгөновдун өзү, үй-бүлөсү менен кошо чогуу кабыл алдык. Себеби, азыр ден-соолугуна тезинен кам көрүү керек, операция жасалуусу зарыл. Сотко кайрылсак, сот созуп, Райкан Төлөгөнов №1-тергөө абагында олтура берет. Ал жердин шартты анын ден-соолугуна эч туура келбейт. Ансыз деле кан басымы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп, нормалдуу эмес. Райкан Төлөгөнов өзү деле: “мен жарым жыл соттун өкүмүн күтүп олтура албайм, өлүп калам”,- деп айтууда. Чынында, азыр Төлөгөновдун абалы диагноз боюнча да, азыркы турушу боюнча да оор. Медициналык термин боюнча айтсак, уйку артериясы бүтөлүп калган. Тагыраак айтканда, артериядан 25 пайыз гана кан өтүп жатат. Бул эс-тутумун начарлатып, инфарктка алып келет. Муну дарыгерлер изилдеп, тастыкташты. №47-колонияда ага операция жасоо маселеси чечилет. №1-тергөө абагында медициналык жардам көрсөтө алышкан жок. Төлөгөновдун саламаттыгын ЖАМКнын коллегиясы, республикалык кардиологиялык оорукананын врачтары текшерип, оор деп бүтүм чыгарышкан”.

Райкан Төлөгөновдун айтылып жаткан иштерге катыштыгы бар же жок экенин жанында турбагандан кийин так кесе айта албайбыз. Сот күнөөлүү деп тааныса, ал тергөөнүн жана судьянын абийириндеги эле иш. Бирок, ден-соолугу өтө оор болуп жатканын эске алып, бийлик деле гумандуулугун көрсөтүп, “приличный” ооруканага чыгарып койсо болбойбу? 65 жаштагы саясатчы кайда качмак эле?

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: