Menu

Иманкадыр Рысалиев подвалга камалганбы?

Бөлүшүү:

Акаевдин пресс-катчысы, Бакиевдин “Ак жол” партиясынын көмүскө бапкери, Сооронбай Жээнбековдун көзгө басар досу экендиги айтылып жүргөн Иманкадыр Рысалиев менен экс-атамекенчи депутат Туратбек Мадылбеков суткалап мелдешип, бильярд ойношуп, калтасындагы акчасын, ага кошумча бир козу уттуруп, жеңилип калган Иманкадыр мырза байгени бербей качып жатканын эшиттик.

Эрөөлгө секундант катары катышкан кесиптешибиз, “Азия ньюс” гезитинин редактору Асланбек Сартбаев погребке тыгылып алган Иманкадыр байкесинин айынан калыстык милдетин аткара албай, Туратбек байкесинин алдында ыңгайсыз абалга кептелип, өткөндөгү өзүнүн Иманкадыр Рысалиевге утулганын, сөзүнө туруп кутулганын эстеп, өзүнчө аң-таң.

Эске салсак, президенттик шайлоо алдында Иманкадыр мырза “Сооронбай Жээнбеков жеңет” деп, Аслан мырза “Өмүрбек Бабанов жеңет” деп, бир жылкы байге сайышып, кийин, мелдешке калыс болгон саясый серепчи Сабыр Муканбетовду уят кылбай эле, “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген макалды эске алып, бир жылкыны жара тартып, уккан, көргөндүн баары ооз тийгенбиз.

Эми минтип, калыстар алдында кол алышып коюп, байгени бербей качып аткан Иманкадыр Рысалиевдин жоругун түшүнбөй жаткан Туратбек Мадылбековдун оозу ачылып, “биринчи күнү саат он экиде деген, же келе албай атам, кийинчерээк деп койбойбу. Кызык экен. Эркекче дегенден кийин эркек болуш керек да. Эркекпи деги?” деп, козунун куурдагын үмүт этип, шилекейи чубурган күбөлөрдүн алдында кызык абалда отурат. Пайгамбар жашына жакындап калган, колунда жок эмес, Кудаага шүгүр тирлиги бар Имакеңдин жүрүм-туруму да түшүнүксүз, же башка себеби барбы?  Же, “такыр үйгө токтобой калды деп жеңебиз погребге кулптап салыптыр”- деген маалымат чынбы?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: