Menu

Аскерде кызмат кылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болушун шарттаган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшырууда кыйынчылыктарга туш болууда. Жогорку окуу жайларга тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ЖРТнын жыйынтыгын 2 жылга жарактуу болгондой түзөтүүлөр сунушталган.

Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору 1-окууда каралгандан кийин депутаттар Каныбек Иманалиев менен Улан Примовдон аскерде кызмат кылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгын 3 жылга чейин жарактуу кылып көбөйтүү сунуштары келип түшкөндүгүн маалымдады. Мындай сунуш күз мезгилинде аскерге чакырылган балдар үчүн ЖРТнын жыйынтыгынын 2 жылдык мөөнөтүндө ЖОЖдорго тапшырууга жетишпей калат. Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен ЖОЖдорго өтүүдө ЖРТнын жыйынтыгында окшош балл болуп калган учурларда артыкчылык аскерде кызмат өтүп келгендерге берилерин белгиленген ченем киргизилүүдө.

Соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: