Menu

Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү. Акүй баарлашуу эки саатка созулганын билдирди. Эки мамлекеттин лидерлери Сирия жана Украинадагы куралдуу жаңжал, Түндүк Корея, Иран жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты.

Күн мурун Путин Сирия президенти Башар Асад менен жолуккан. Кремлден билдиришкендей, орус лидери Трамп менен болгон маек учурунда араб өлкөсүндө президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшүн жана конституциялык реформаларды жактай турганын айткан.

Акүй дагы Трамп менен Путин 21-ноябрда Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда терроризм менен күрөшүүнүн маанилүү экенин баса белгилешип, ИМ, «Аль-Каида», «Талибан» жана башка террордук топтор менен күрөшүүдө кызматташууну активдештирүү жолдорун талкуулашканын маалымдады.

Өткөн аптада Трамп менен Путин Вьетнамдагы АТЭС саммитинде бейформал баарлашкан. Расмий жолугушуу болгон эмес. Кремль анда америкалыктар “ийкемдүүлүк көрсөтүшкөн жок” деген болчу. Акүй жолугушуунун болбой калуусун президенттин күн тартиби менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: