Menu

“Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” бекеттеринде унаалар кезекте турат

Бөлүшүү:

22-ноябрь, саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” чек ара бекетинде 427 жүк ташуучу унаа, ал эми Таластагы “Чоң-Капка” чек ара бекетинде 185 жүк ташуучу унаа Казакстанга кире албай, кезек күтүп турушат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева “Азаттык” радиосуна билдирди:

– Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы калган бекеттерде жөө адамдардын да, унаалардын да тыгыны байкалбайт.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевди “Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат” деп сындаган.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал тууралуу маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлдү.

20-ноябрда Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президенти Владимир Путинге кайрылганын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: