Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, «Лысый», «Давыдов» мөңгүлөрүн көчүрүүгө «Кумтөр» ишканасы уруксат алгандан кийин, бул ишти жүзөгө ашырган Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьерлик кызматтан бошотулду. Мавр өз ишин жасады. Коомчулук акча жасап алып чыга берди дешип сынга алууда. Кандай болгон күндө дагы, дал ушул Зилалиев аралашкан маселе чыр менен коштолуп, нааразычылык жаратып келген. Алсак, Зилалиев президенттик шайлоо боюнча республикалык штабга жаңы дайындалганда Баткенде эл менен жолугуп, бийликтин талапкерине үгүттөө жүргүзүп, элдин сынына кабылып, премьер-министрден катуу сөгүш алган. Ошондой эле ал Нарын дарыясына ГЭС курат деп чехиялык “Лигласс” аттуу аферист компанияны Кыргызстанга алып келип, өлкөнүн аброюна көлөкө түшүргөн. Эми минтип мөңгүлөрдү талкалоого жол ачып отурат. Эми бул баскан жерине чөп чыкпаган немени мамлекеттик кызматка такыр жолотпош керек. Керек болсо ишмердүүлүгүн тыкыр текшерип, жоопкерчилик маселесин карап көрүү зарыл. Маркум Салижан Жигитов айткандай «кирген жерин чириткен микроб» кызматкерлердин кереги барбы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ