Дастанбек Жумабеков ADRA Кыргызстан гуманитардык агенттигинин социалдык долбоорун ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган долбоордун алкагында Талас облусунун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорундагы орто мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларына бут кийимдер берилди. Долбоордун максаты окуу жараяндарына окуучуларды тартуу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет.
Андыктан Жогорку Кеңеш Төрагасы 16 тонналык көлөмдөгү жүктү аталган райондорго жеткирүүгө каржылык көмөк көрсөттү.
Белгилей кетсек, ADRA агенттиги өлкөдөгү окуучу балдарга мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелери аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ