Menu

“Аксарайда” кармалган дагы 17 тажик мигранты мекенине жөнөтүлдү

Бөлүшүү:

Орус-казак чек арасында ара жолдо калган дагы 17 тажик мигранты “Аксарай” өткөрмө бекетинен чыгып кетти. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик темир жол ишканасы билдирди.

Мигранттарды “Москва-Душанбе” поезди менен мекенине жөнөтүштү. Алардын баарын айдын башында орусиялык чек арачылар Москвадан Душанбе менен Худжандга багыт алган үч поездден түшүрүп салышкан.

Астрахан облусунда сот тажик мигранттарын Орусиядан чыгаруу боюнча чечим чыгаргандан кийин алар мекенине жөнөтүлдү. Москва-Душанбе поезди жумасына үч сапар каттайт, “Аксарайдан” Душанбеге чейинки жол эки күн.

Буга чейин Тажикстан өкмөтү мамлекеттик темир жол ишканасына “Аксарай” өткөрмө бекетинде калган тажик мигранттарын бекер ташууну тапшырган.

Ноябрдын башында “Аксарайда” Москвадан Душанбе жана Худжандга багыт алган үч поездден 200дөй жүргүнчү түшүрүлгөн. Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча алардын арасында Өзбекстан жана Кыргызстан жарандары дагы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: