Menu

Депутат Данияр Төлөнов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына кирет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин эки депутатын тармактык комитеттердин курамына киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет:

– “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Төлөнов Д.Э. жөнүндө);

– “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Рысалиев З.К. жөнүндө).

Токтом долбоорлору аркылуу депутат Зарылбек Кылычбекович Рысалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына, депутат Данияр Эрмекович Төлөновду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарып, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизүү маселеси белгиленген.

Токтом долбоорлору добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: