Menu

Сапар Исаков бизнес өкүлдөрү менен туризмди жана жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Бул туурасыкмөнда өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү туризмди жана жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, атамекендик туризмдин мүмкүндүктөрү толугу менен пайдаланылбай жатат.

«Биз туризм жөнүндө өлкө үчүн чоң мааниси бар кластер тууралуу сөз кылабыз. Атамекендик туризмдин мүмкүндүктөрү толугу менен пайдаланылбай жатат. Мында оңдуу жана терс факторлор орун алган. Биз тийиштүү иштерди жүргүзүп, абалды оңдошубуз керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынында.

Өкмөт башчы бизнес-коомчулук менен туристтик тармактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Бир жыл мурда биз визалар тууралуу сөз кылганбыз, бүгүнкү күндө бул абалды оңдодук жана документ берүү мөөнөтүн бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берген электрондук визаларды киргиздик. Бизнес бизге Өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди көрсөтүүдө», — деп билдирди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан деңизге карай жолу жок тоолуу мамлекет болуп саналат, буга байланыштуу аба транспорт тутумун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Сапар Исаков Премьер-министр катары анын алгачкы тапшырмасы болуп аба эркиндигинин 5-даражасы укугун берүү маселесин иштеп чыгуу болгондугун эскертип өттү.

«Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин жетекчилиги астындагы жумушчу топ иш алып барууда. Бирок Жарандык авиация агенттигинде өлкөнү ИКАОнун “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча так пландары бар адамдар жокко эсе. Менин пикиримде, эксперттерди тартып,  алга жылууга мүмкүндүк берүүчү иш-аракеттер планын түзүүбүз зарыл», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле бизнес-түзүм өкүлдөрүнө «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашырууга активдүү көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары ал аталган долбоор алкагында мамлекеттик электрондук тейлөө порталы ишке киргизилип, ошондой эле өлкөнүн бардык министрлик жана ведомстволорунун тийиштүү маалыматы топтолгон бирдиктүү мамлекеттик портал иштелип жаткандыгын белгиледи.

Буга катар Премьер-министр бизнес-өкүлдөрүн 2018-жылы өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча активдүү кызматташтыкка чакырды. Ошондой эле Өкмөт башчы атамекендик туристтик тармакты өнүктүрүү максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана КР Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин тыгыз өз-ара аракеттешүүсүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары тийиштүү маамлекеттик органдарга жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «электрондук дарбазалар» (E-gates) тутумун орнотуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында авиаташуу рыногун либералдаштыруу ыкмасы аркылуу  жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча кадамдык Иш-чаралар планын ишке ашыруу, «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу жана аны өнүктүрүү келечеги, жарандык авиациянын актуалдуу жана башка маселелери каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: