Menu

Канат Исаев убактылуу гана саясий курмандык

Бөлүшүү:

Чүйдүн кең пейил эли ар убак баатырларын аздектеп, туу кылып көтөрүп, кыйың кезеңдерде эрдиктерин көрүп келген. Эми заман башка. Саясаттын ачык курмандыктары болуп, адилетсиз күчтөрдун негизинде тыңчыкмалар түрмөдө отурушат. Ооба, «кылмыш кылган» деген таризде. Эмесе, баа берип көрөлү.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев качан гана Конституциялык өзгөртүү боюнча бийлик демилге алып, күчкө салып баштаганда, өз ой-пикирин айтып, мыйзамдуу жолдогу күрөшүн баштаган. Тилекке каршы, бийлик Исаевдин 10 жыл мурда Токмокго мэр болгондогу иштерин казып, ошонун негизинде кылмыш иштерин козгоп чыкты. Андай болсо мурда эмнеге тымпыйып отурушту? Канат мырза 2010-жылы депутат, андан соң коалициянын лидери, кийин Чүй облусуна губернатор болду. Кайра бакандай партиянын лидери катары алдыга суурулуп чыкты. Эгерде кылмышкер, коррупционер болсо, Токмоктогу иштерди ошондо неге көтөрүшкөн эмес?

Президенттик шайлоо астында Исаевди мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүүчү, башаламандык кылуу жагынан коркунучтуу адам катары, о.э. акча таратып атканын байма-бай көрсөтүшүп, тим эле жан-кечти сымал кармашты. Ал өзү да айтты, үгүт иштери боюнча каражаттардын сарпталып атканын. Эгерде мамлекеттик деңгээлде төңкөрүш жасай турган болсо, дал ошол фактыларды тийиштүү органдар далилдеп
бербейт беле? Эч кандай себеп жок. Канат мырза болгону саясый курмандык катары колго түштү. Ал жаш. Акыры бул туткундан чыгат. Себеби, анын камалганы боюнча негиздүү аргументтер жетишсиз экенин элдин баары түшүнө баштады. Өзү да айыпталуучу катары «жасалма жарлыктарды» моюнга алган жок.

Эң башкысы, Канат Исаевдин эркин ой жүгүрткөнү, чындыкты бийликке айтканы, коомчулуктагы адилеттик үчүн күрөшкөнү кедерине тийди. Ал акыйкат үчүн күрөшүп, жалпы элдин таламын талашууну ойлогон, бирок, бийлик укуругу аны түрмөгө камады. Албетте, Канат мырза күйдү, а эртеңчи?.. Эртеби-кечпи, бир күнү ал чыгат, ошондо бүгүнкү режим боюнча баа берилсе керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: