Menu

Зилалиев Араб өлкөлөрүнө же Казакстанга элчи болуу үчүн чуркай баштаптыр

Бөлүшүү:

Кыргыз өкмөтүн кыйла уят кылган, жалаң аферисттер менен чуулгандуу келишимдерди түзгөн, маселен, «Лиглас», «Мегакомдун» сатылуу чуусу жана «Суу кодексине» байланыштуу мөңгү көйгөйүнөн улам вице-премьерликтен кеткен Дүйшөнбек Зилалиев учурда тыңчы кетип аткан чагы. Айрым «итибайлардан» бери сыйлык-наамдарды алып атса Дүйшөнбек үйүндө жатып кыжырланып, буулугуп атканын жакындары эле айтууда. Мындай шартта бийлик башындагылар пайдаланып туруп ыргытып салбай, элчилик кызматты берип, эл көзүнөн ары жөнөтүүнү ойлоп атышыптыр. Зилалиев бош орундар болгон Араб өлкөлөрүнө же Казакстанга кетүүгө жанталашып, суранып атканын ишенимдүү булактарыбыз билдирди. Кыргыз бийлигин куруткан бул эргул эми элчи болуп, мамлекетибизди сырттан уят кылууга баш урса кантебиз? Айла жок, дал ушундай шылуундардын заманы болуп калбадыбы… Себеби бар, бүгүнкү күндөгү Зилалиевдин жашаган үйүн коомдук комиссия түзүп, текшертип көрбөйлүбү? Ошондо мамлекеттик чиновниктин хансарайда жашаганына күбө болосуңар. Карапайым элибиз батирден батирге көчүп, эптеп жашап жүрүшөт. Ал эми бул эргул элдин эсебинен «майталканда» жыргап жүргөнүн Кудай кечиреби?..

Булак: “Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: