Башта «Азия Ньюс» гезити өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдун иши начар болуп атканын, бул кызматты тарта албаганын белгилеп, ээрден шыпырыла турганын жазган. Жазганыбыз дал келди. Эми кең Сары Өзөндүн башчылыгына Улан Карагулов аттуу Кеминдин мурдагы акими дайындалып, азырынча «жарк» эткен иши деле байкалбай, эски көчтүн жолуна түшкөнүнө күбө болдук. Кыркка чыга элек Улан мырза президенттик шайлоодо бийлик талапкери үчүн жанталаша чуркаганы эле болбосо, башка деле эмгегин билбейт экенбиз. Сергек болуп, эл менен жакындан иштешпесе, бул деле көпкө узабайт го, ыя?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ