Башта РАЖ фракциясынан депутат Алиярбек Абжалиевдин дымы деле чыкчу эмес. Кийин Сооронбай Жээнбеков менен куда болгондон бери аты чыга баштады. Соке өкмөт башына келгенде, анан президент болуп шайлангандан бери Абжалиевдин кадр саясатына жана бизнес жаатындагы ар кыл маселелерге тили өтүп, көшөгө артынан шугулдана баштаганы айтылууда. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт. Бардык жерге эле башын сала берсе, кан кудасын уят кылып койбойбу? Эмитен эле Алияр мырзанын таасири күчөй баштады, «Серый кардиналга» айланса, аягы кандай бүтөр экен?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ