Menu

Зиядин Жамалдинов: «Укук коргоо органдары жаӊы вагондорду сатып алуу боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшериши керек»

Бөлүшүү:

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы апрель айында эле 150 жаӊы вагон сатып алууга тендер өткөргөн. Казакстандын бир компаниясы жеӊип алыптыр. Ошондон бери же вагон жок, же ага жумшалган 8 млн доллар каражат жок. Өкмөт бул маселе боюнча маалымат берип, тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш” – деп билдирди депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

«Биз ошондо эле тендердин туура эмес өткөрүлгөнүн айтканбыз. Компания төмөн бааны сунуштаптыр. Тендерге россиялык «Уралвагонзавод» да катышкан, бирок казакстандык компания жеӊүүчү деп табылыптыр. Укук коргоо органдары тендердин мыйзамдуулугун текшериши керек», – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров бул маселени мындан жарым жыл мурда эле көтөргөнүнө карабастан, ушул кезге чейин бир да вагон келбегенин белгиледи. Ал Өкмөт тарабынан ыкчам чаралар көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: