Menu

Ноокен районунун Чоң-Багыш айылына таза суу чыгарылды

Бөлүшүү:

Ноокен районунун Сакалды айыл аймагына караштуу Чоң-Багыш айылына таза суу чыгарылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Чоң-Багыш айылына таза суу чыгаруу демилгеси Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору аркылуу ишке ашырылды.

Чоң-Багыш айылына таза суу чыгаруу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылуусуна арналган салтанаттуу жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Вероника Хульманн айым, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова, Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев жана бир катар эл аралык уюмдар менен коомчулуктун өкүлдөрү жана Сакалды айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары катышты.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Чоң-Багыш айылына таза суу чыгаруу долбооруна  4 254 000 сом жумшалса, мунун ичинен гранттын өлчөмү 3 800 000 сом жана Сакалды айыл аймагынын өздүк салымы 454 000 сом болду.

Сакалды айыл аймагындагы Чоң-Багыш айылына 3 км. жаңы суу түтүктөрү тартылып, 60 даана ящик жана 400 даана суу эсептегичтер орнотулду. Башкы суу станциясы толук сапаттуу ремонттолуп, суу чыгарылуучу скважинага бактерициддык лампа орнотулду. Таза суу чыгаруу долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы менен Чоң-Багыш айылындагы 3900 адам же 400 кожолук, 1 орто мектеп, 1 бала бакча жана 1 ФАП үзгүлтүксүз таза ичүүчү суу менен камсыздалды. Чоң-Багыш айылынын жашоочулары бир куб метр сууга болгону 20 сом гана төлөшөт.

4000 адам жашаган Чоң-Багыш айылына таза суу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жакындан көмөгүн көрсөткөн Швейцария мамлекетине жергиликтүү калкыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиремин. 2018-жылы облус боюнча 67 калктуу айылдарга таза суу чыгаруу долбоорлорун ийгиликтүү турмушка ашырууну көздөп жатабыз. Аны ишке ашырууга каражат маселеси толук чечилген жана долбоорлор  даяр болгон. Таза суу чыгаруу иштеринин сапаттуу бүткөрүлүшү калкыбыздын ден соолугун  сактоодо мааниси айтпаса дагы абдан чоң,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: