Menu

Өзбекстан менен Түштүк Корея дээрлик 9 млрд. долларлык келишимге кол коюшту

Бөлүшүү:

Шавкат Мирзиёевдин Сеулга болгон сапарынын алгачкы күнү Өзбекстан менен Түштүк Корея 8,9 миллиард долларлык документтер менен макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу өзбек президентинин сапарын чагылдыруу боюнча маалымат борбордон билдиришти.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, жалпысынан 75 документке кол коюлду. Анын ичинде энергетика жана мунайгаз тармагында 2,95 миллиард доллар, банк жана каржы тармагында 2,7 миллиард, курулуш жана инфраструктураны өнүктүрүү тармагында 1,7 миллиард долларлык келишимдер бар.

Андан тышкары Өзбекстандын Тышкы соодо министрлиги, «Алмалык ГМК» акционердик коому жана Кореянын сейрек металлдар институту ортосунда илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүк тармагында кызматташуу тууралуу «жол картасына» кол коюлду. Ошондой эле Кореянын персоналды өнүктүрүү институту менен Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен Өзбекстандын инновациялар боюнча мамлекеттик комитети 2018-2019-жылдарда кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Түштүк Корея Өзбекстандын эң ири инвесторлорунун бири болуп эсептелет. Учурда өлкөдө корей капиталынын катышуусундагы 461 ишкана иштеп жатат. 2017-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 1,3 эсеге өсүп, 1,1 миллиард долларга жеткен.

Шавкат Мирзиёевдин Түштүк Кореяга сапары 25-ноябрда аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: