Menu

ИМ тобунун жоочуларынын балдарынын тагдыры​

Бөлүшүү:

Германиянын федералдык өкмөтү «Ислам мамлекети» тобунун катарында күрөшкөн немис жоочуларынын балдарын мекенине кайтарууга аракет жасоо, деп жазды Frankfurter Allgemeine Zeitung. Германия ТИМи ирак өкмөтүнө кайрылып, абактагы ИМ тобунун жоочуларынын жетим балдарын көрүп чыгууга уруксат сураган. Герман ММКларынын маалыматы боюнча жашы жете элек алты бала энелери менен бирге Ирактын сурак борборунда кармалышууда.

Бул арада Конституцияны коргоо боюнча башкармалыктын башчысы Ханс-Георг Масзен ИМ тобунун жоочуларынын балдарын кайтаруу биртоп көйгөйлөрду жаратышы мүмкүн экенин билдирген. Анын пикиринде, бул балдар «жихадчылардын» таасири алдында чоноюшкан жана Германияга алып келишсе, жоочулардын жаңы мууну өсүп чыгуусу ыктымал, деп эскертет Ханс-Георг Масзен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: