Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын чакыруусу менен Москва шаарына барып, жалпы аянты 18900 чарчы метрди түзгөн борбордук мечитке толо келген 10 миңге чукул мекендештерибиз менен жолугушту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Аалымдар Кеңешинин төрагасы мекендештерибизге ыйман, адеп-ахлак, ата-энеге жакшылык кылуу, үй-бүлөнү сактоонун маанилүүлүгү туурасында баядамаларды айтып, мекенди сүйүүгө үндөдү.
Муну менен катар иш сапардын алкагында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен болгон кызматташтыкты талкуулашып, биргеликте иш алып барууну сүйлөшүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ