Menu

Кытайдын алкагы кандай түстө?

Бөлүшүү:

The Nation басылмасы Пекиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында CPEC (Кытай-Пакистан экономикалык коридор) долбоорун ишке ашыруу тууралуу жазды. Бир нече күн мурда долбоорду каржылоо 46 миллиард доллардан 63 миллиард долларга чейин көбөйтүлдү. Долбоордо автоунаа жана темир жолдордун ири түйүндөрү аркылуу Пакистандын Гвадар аттуу порттук шаары менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районун бириктирүү каралган.

Кеңири масштабдагы «Бир алкак, бир жол» программасынын алкагында «Кытай коридору – Орто Азия» долбоору дагы ишке ашырылат. Анткен менен The Jamestown Foundation аналитикалык борбору Кытайдын катышуусундагы аймактагы ири долбоорлордун бардыгы тең ушул кезге чейин кагазда гана калып келгенин белгилөөдө. 2002-жылдан 2013-жылга чейин Кытай менен Кыргызстан темир жол куруу боюнча кеминде эки долбоорду талкуулашкан. Бирок ар дайым тараптар түрдүү себеп, анын ичинде каржы көйгөйлөрүнөн улам макулдашууга келе албай келишет. «Пекиндин демилгелери аймактагы чыныгы экономикалык интеграцияларга жардам болобу же келечекте Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы геостратегиялык карама-каршылыктарга алып келеби, алдын ала айтыш кыйын», деп белгилеген The Jamestown Foundation.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: