Menu

Сузакта дин кызматкерлеринин көчмө жыйыны өтүп, диний кырдаал талкуланды

Бөлүшүү:

Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин көчмө жыйын өтүп, диний кырдаал талкуланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамадминистрациясынын жыйындар залында администрация, айыл өкмөттүн башчыларынын, ДИМКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн, аксакалдар кеңешинин, аялдар, жаштар комитетинин, РИИБ, МУКК жана райондук прокуратуранын кызматкерлеринин, мекеме ишканалардын жетекчилеринин, саламаттыкты сактоо тармагынын жана РБББнын өкүлдөрүнүн, мектептин директорлорунун, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын, казыят кызматкерлеринин, район-шаардын баш имам хатибдеринин, Сузак районуна караштуу имамдардын, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна караштуу Ислам окуу борборлорунун жетекчилеринин жана мугалимдеринин, ММКнын өкүлдөрү болуп, жалпысынан  200дөн ашык адамдардын катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүп, күн тартибинде Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган ыйман, адеп жана маданият жылына карата слайд, Сузак райондук хатибиятында аткарылган иш чаралары боюнча маалымат берилип, “Ынтымак-мүрөк суусундай, чыр-чатак жылаан уусундай”,- диаспоралар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, улуттар аралык тынчтыкты сактоо максатында даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, дин кызматкерлерин, имамдарды сыйлоо аземи өттү.

Жыйында Сузак районунун акими Эрмекбай Алянович кириш сөз сүйлөп, келген конокторду тааныштырып, андан соң жыйындын жүрүшүн  казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков алып барды. Жыйындын жүрүшүндө Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов райхатибиятта аткарылган иштер боюнча маалыматтарга токтолуп, көчмө жыйынды уюштурулушун демилге кылган облус казысына жана акимге ыраазычылык билдирди. Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров ыйман, адеп жана маданият жылында тазалык, кебете-кешпирди оңдоо, маданияттуулукту, тазалыкты сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу жана экстремизмге каршы күрөшүүдө дин кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерге токтолуп,  Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана мекенибиздин тынчтыгын сактоо тууралуу маселелерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогу иштер жүрүп жаткандыгын баса белгиледи. Аким Эрмекбай Алянович казыяттын жана шаар хатибияттын жүргүзгөн иш чараларын абдан жакшы деңгээлде алынып барылып жаткандыгына токтолуп, ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарды билдирип, мектептерде бирдиктүү форманын абалы, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жана динге байланышкан бир топ маселелерге токтолду. Муну менен катар жыйындын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгектенип Ислам дининин өнүгүшүнө жигердүү салым кошкон 2 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланса, райондун имамдары арасында диний иш чараларды жана коомдук иштерди ишке ашырууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн 4 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми тапшырмаларды өз убагында аткарып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн 4 имам райхатибияттын ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми көчмө жыйындын алкагында жыйындын 2-бөлүгү уюштурулуп, ага район-шаардын баш имам хатибдери, казыят кызматкерлери, Сузак районунун жалпы имамдары катышып, имамдардын ички-тартип эрежелери, мечиттердин абалы, кышка карата даярдык, бухгалтериялык эсеп-кысап жүргүзүү, бирдиктүү жума хутбасы, азанды КМДБ тарабынан бекитилип берилген убакыт боюнча айтуу, жаш кадрларды жетиштирүү, отчет тапшыруунун ыкмалары, инвентаризациянын жүргүзүлүшү, аттестация боюнча маселелер талкууга алынып, казыяттын бардык адистери тиешелүү суроолорго жооп берди.

Эске салсак, быйылкы жылдын эсебинен облус казысы тарабынан бекитилген ырааттамага ылайык көчмө жыйын Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу  жана Кара-Көл  шаарларында , ошондой эле, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул, Ноокен райондорунда уюштурулган болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: