Ушул жылдын 16-22-ноябрь күндөрү өткөн “Арсенал” аталышындагы ыкчам-алдын алуу жана ыкчам-издөө рейди жыйынтыкталып, жарандардан 9 бирдик ок атуучу курал алынды. Бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Курал-жарактарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбагандыгы жана кайра каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн жарандардан 7 курал алынып, ок атуучу куралдарды мыйсамсыз сактоо фактысы боюнча 2 кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды сактоо жайлары менен колдонууга уруксат алган жарандар текшерүүдөн өтүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө 56 мергенчи, 623 автомототранспорт каражаттары жана 11 соода-түйүндөрү менен базарлар, 11 мейманкана текшерилди.
Эгерде жарандар ок атуучу куралды таап алган болсо же мыйзамсыз сактап жүрсө тезинен милиция кызматкерлерине тапшыруу керек.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын эскертип кетебиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ