Menu

2018-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште талкууланган соӊ “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 142 млрд 581 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөт. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт.

Ал эми 2018-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленүүдө. Андан тышкары, 2018-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш жыйынында бюджет долбоорлору каралып, депутаттар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу менен бирге, Өкмөткө республикалык бюджеттердин аткарылышын жакшыртуу жаатында бир катар тапшырмаларды берди. Жыйынга Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: