Menu

Астана түрк компанияларына миллиондогон доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Эл аралык арбитраждык сот Астананы түрк компанияларына 22,7 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Казакстандын Юстиция министрлиги билдирүүдө.

2015-жылы Aktau Petrol Ticaret A.S. жана Som Petrol A.S. түрк компаниялары Казакстанды арбитраждык сотко берген. Алар Казакстандагы энчилеш компаниялары аркылуу Актау портунда мунай өнүмдөрүн сактоо кызматтарын көрсөтүп келишкен.

Түрк компаниялары мамлекеттик жана сот органдарынын аракеттеринин натыйжасында келип чыккан зыяндарды өндүрүп берүүнү сурап арбитраждык сотко кайрылышкан. Доонун суммасы – 150 миллион доллар болгон.

Алгачкы сүйлөшүүлөр учурунда ал 60 миллион долларга төмөндөтүлгөн.

Негизги соттук жараяндар быйыл жаз айларында Парижде өткөн. Соңку чечим 13-ноябрда чыккан.

Сот Aktau Petrol Ticaret A.S. компаниясынын казак сотторунун коррупцияланышканы боюнча жүйөлөрүн четке кагып, тиешелүү далилдер келтирилбегенине байланыштуу алар талап кылган сумманын баарын канааттандырган жок.

Арбитраждык сот түрк компанияларына 22,7 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул баштапкы талап кылынган сумманын 15% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: