Menu

Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды

Бөлүшүү:

Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө чакырган, ата-бабаларыбыздан калган негизги руханий азык “Манас” эпосун андан ары жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды. Бул туурасында президентттин расмий сайты жарыялады.

Байыркы элибиз Айкөл Манастын Улуу Рухун урпактардан урпактарга табериктей сактап келатат. Эпосто кыргыздардын кылымдык тарыхы, салттары менен үрп-адаттары, мамлекеттүүлүктү жана биримдикти бекемдөө идеялары чагылдырылган.

“Манас” китеби Кыргыз Республикасынын бардык орто мектептерине, жогорку окуу жайларга, китепканаларына, ошондой эле башка мекеме-уюмдарга бекер таркатылмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: