Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган кыргыз парламентинин депутаттары бүгүн, 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө өтүп жаткан жаӊы шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурация аземине катышууда.
Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурация аземине 450 адам чакырылган. Алардын ичинде Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият жана илим ишмерлери ж.б.лар бар.
Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ